Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкулу Аманкан Кенжебаев
Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл өкмөтүн тургундары менен жолугушууда.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкө аймактарында облус жетекчилеринин, шаар мэрлеринин, мамлекеттик райондук администрация башчыларынын, прокуратура, ички иштер органдарынын, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары өтүп жатат.
Жолугушууда жергиликтүү тургун Клара Сапарбаева Ош шаардык тез жардам кызматында иштеген кызынын башынан өткөргөн оор абалын айтып, жардам сурап кайрылды.